🌍 Камбаратинская ГЭС-1 долбоору боюнча коомдук консультациялар эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.
📅 Консультациялар 2025-жылдын 4-5-ноябрында Стамбул шаарында өтөт, ошондой эле онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.
📜 Консультациялар Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамынын 46-беренесине жана эл аралык конвенцияларга ылайык жүргүзүлөт.
👥 Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, академиялык жана эксперттик чөйрөлөрдүн, ММКнын, бизнес өкүлдөрүнүн жана кызыкдар жарандардын катышуусу ачык.
📧 Катышууну тастыктоо жана форматты тандоо үчүн 2025-жылдын 3-ноябрына чейин [email protected] электрондук дарегине кат жөнөтүү зарыл.
📄 Коомдук талкууга арналган документтер 2025-жылдын 21-августунан баштап кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Документтердин долбоору коомдук талкуулар үчүн жарыяланган жана министрликтин акыркы позициясын чагылдырбайт.
⏳ Министрлик долбоор боюнча комментарийлерди кабыл алуу мөөнөтүн 2025-жылдын 5-декабрына чейин узартты.






