Сулайман-Тоо тоосунда реконструкция иштери жүргүзүлөт: эскиздер.

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей комплексинде реконструкция иштери жүргүзүлөт. Долбоорго Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн доллар бөлүнүп, тарыхый жана маданий объекттер жаңыланат.

[adrotate_integration id=”2″]

🌄 Оштун «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде реконструкция иштери жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банк каржылаган «Регионалдык экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Жалпысынан реконструкцияга 12 миллион доллар бөлүнгөн.

🔍 Учурда илимий концепция жана долбоордук-сметалык документациянын даярдыгы аяктап калды. Реконструкциянын жүрүшүндө Сулайман-Тоо тоосундагы бир катар тарыхый жана маданий объекттер жаңыланат.

🏛️ Бабурдун үйүнө алып барган жөө жол жана көрүү аянтчасы жаңыртылат. Сулайман-Тоо пещера музейи жана этнографиялык-археологиялык музей реконструкцияланат. Ошондой эле, «Оттун дарбазасы» жана визит-борбору курулуп, анын тегерегиндеги аймак көрктөндүрүлөт.

🕌 Орто кылымдык мончо жана Асаф ибн Бурхия мавзолейинин айланасы реконструкцияланат. Түндүк тараптагы «Тоолук дарбазалар» жаңыртылып, «Суунун дарбазасы» курулуп, айланасы көрктөндүрүлөт.

📝 Бул долбоор 2020-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып, 2021-жылдан бери активдүү ишке ашырылып келет. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана өзгөчө коргоо аймагы катары эсептелген «Сулайман-Тоо» комплекси үчүн тарыхый жана маданий мурастарды сактоо өзгөчө мааниге ээ. Архитектуралык жана курулуш чечимдери эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген