


📚 Жалгыз-Жангак айылында жаңы мектептин курулушу улантылууда.
🏗️ 2024-жылдан бери Сузак районундагы бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
💰 Тендердик баасы 127 миллион сомдон ашык.
🏫 Жаңы мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, үч негизги блоктон турат.
📖 Китепкана жана окутуу залы, ашкана, компьютердик класс, медициналык кабинет, химия, биология жана физика сабактары үчүн лабораториялар, акт залы жана спорт залы каралган.
🔍 Жаңы мектептин курулушу билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.