



🚉 Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында станция куруу үчүн 400 гектар жер бөлүндү.
🏗️ Анын ичинен 2,5 гектар жерде темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталат.
🤝 Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов кытайлык үч подряддык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
🛠️ Жолугушууда курулуш процессин уюштуруу жана координациялоо, коопсуздук техникасын сактоо, жумушчулардын иш графиги сыяктуу маселелер талкууланды.
📋 Курулуштун техникалык талаптарын жана процедураларын өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди.