Түндүк-Түштүк автожолунда таш кулоо катталды

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк автожолунун 265-266 км жеринде эртең мененки 8:30да таш кулоо катталды. Транспорт министрлиги тез арада атайын техникаларды жөнөтүп, жолду тазалоо иштерин баштады. Жол бир тилке менен ачык.

🛣️ Бишкек шаарынан 265-266 чакырым алыстыктагы Түндүк-Түштүк автожолунда бүгүн эртең менен саат 8:30да чоң таштардын түшүүсү катталды.

🚜 Окуя болгон жерге тез арада атайын техника жөнөтүлдү, анын ичинде Хово автомашинасы, жүктөгүч жана экскаватор бар. Алар чоң таштарды тазалоо иштерин башташты.

🚧 Бул жол тилкесинде транспорт кыймылы убактылуу бир жолакта гана жүргүзүлүп жатат.

⚠️ Жолдо жүргөн айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү этият болууга чакырабыз, анткени таштардын түшүүсү кооптуу шарттарды жаратышы мүмкүн.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген