Түндүк-Түштүк жолундагы таш кулоодон кийин тазалоо иштеринин жүрүшү жөнүндө Транспорт министрлиги билдирди.

Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 283-284-чакырымдарында (Арал-Казарман бөлүгү) 24-июлда болгон ири таш кулоонун кесепеттерин жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жолдон 4 000 кубометрге жакын таш тазаланды. Жалпы көлөмү болжол менен 70 000-80 000 кубометрди түзөт. Тазалоо иштерине экскаваторлор, жүктөгүчтөр, Howo маркасындагы жүк ташуучу унаалар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышууда. Тазалоо күчөтүлгөн режимде уланууда. Жүргүнчүлөргө Казарман-Ак-Талчат жолу аркылуу айланып өтүү сунушталууда. Министрлик кырдаалды көзөмөлдөп, айдоочуларды тоолуу жолдордо этият болууга чакырат.

[adrotate_integration id=”2″]

🌄 Бишкек шаарынан Казарман аймагына чейинки альтернативдик Түндүк-Түштүк жолунун 283-284-чакырымдарында 24-июлда болгон чоң таш кулоонун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

🛠️ Бүгүнкү күнгө карата жолдун үстүнөн 4 000 кубометрге жакын таш тазаланды. Ал эми алдын ала эсептөөлөр боюнча, жалпы көлөмү 70 000ден 80 000 кубометрге чейин жетет.

🚜 Тазалоо иштерине эки экскаватор, эки жүктөгүч, беш Howo жүк ташуучу унаасы жана 15 жумушчу тартылган.

⏱️ 24-июлда саат 12:00 чамасында таш кулоодон улам унаа кыймылы убактылуу токтотулган болчу.

🔄 Жолду тазалоо иштери жүрүп жатканда айдоочуларга Казарман–Ак-Талчат жолу аркылуу айланып өтүү сунушталган.

🚧 Министрлик кырдаалды көзөмөлдөп, айдоочуларды тоолуу жолдордо этият болууга чакырат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x