
[adrotate_integration id=”2″]🌍 Иссык-Көл облусундагы туристтик потенциалды өнүктүрүү максатында “Эко шаар Каркырабел” лыжа базасынын долбоору ишке ашырылууда.
🏔️ Долбоор боюнча жыйын Түп айылында, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиевдин жетекчилиги менен өттү.
📋 Жыйындын жүрүшүндө инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына байланыштуу негизги маселелер талкууланып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмалар берилди.
👥 Жыйынга Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы Тимур Мадяров, райондук кызматтардын жетекчилери жана айыл аймактарынын башчылары катышты.
🏞️ “Эко шаар Каркырабел” долбоору Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелердин бири болуп саналат.






