

🏗️ Тюп районундагы Бирлик айылында заманбап 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.
💰 Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 80 миллион сомдон ашат.
🏢 Бала бакчанын имараты эки кабаттуу болуп, бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына ылайык курулат.
🛏️ Бала бакчада уктоо жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, дарыгердин кабинети, кабыл алуу бөлмөсү жана сырткы оюн аянтчалары каралган.
🔍 Курулуш процесси турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт.