🐟 Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы активдүү иш-чаралар башталды.
🚨 Ак-Шумкар кордонуна пост уюштурулуп, балык кармоо эрежелерин бузууга каршы күрөшүүгө багытталган рейддерди өткөрүү боюнча мобилдик топтордун графиги түзүлдү.
🛡️ 12-октябрдан 13-октябрга чейин инспекторлор туризм жана экология полициясы менен биргеликте рейддерди өткөрүп, анын жүрүшүндө узундугу 1200 метрди түзгөн 12 даана браконьердик торлор табылып, жок кылынды.
🐠 Кармалган торлордун ичинде кайра көлгө кое берилген 21 баш ак балык жана 3 баш алабуга, ошондой эле 29 даана өлгөн ак балык жана 3 баш алабуга болуп сатылып, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү.
⚖️ Тартип бузгандар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, аларга карата 11 000 сом өлчөмүндө протоколдор түзүлгөн.
🌊 Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо иштери улантылып, Кызмат экологиялык мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.