🇹🇷 Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
🤝 Сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү болот.
📅 Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы жыйыны да пландалып, анда эки тараптуу мамилелердин маанилүү маселелери талкууланат.
📝 Сапардын жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган бир нече эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
🌍 6-ноябрда Эрдоган аймактын маанилүүлүгүн баса белгилеген Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.