🇹🇷 Түркиянын президенти Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын аяктады.
🤝 Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу болду.
📝 Сапардын алкагында тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жана Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы жыйыны болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери талкууланды.
📜 Мамлекет башчылары саламаттыкты сактоо, экономика, коопсуздук жана маданият сыяктуу түрдүү тармактарга тиешелүү 19 эки тараптуу документке кол коюшту.
💰 Сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыгы Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү чечими болду.
🏅 Кызматтарын баалап, Эрдоган Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы – 1-даражадагы “Манас” орденин алды.
🚗 Сапарды жыйынтыктап жатып, Түркиянын президенти кыргызстандык кесиптешине Түркияда жасалган электромобил белек кылды.
🌍 Эрдоган эртең Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.