🚨 Бишкек шаарында аңчылык мылтыктарын алып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары катталды.
📦 “Манас” бажысы КР УКМК менен биргеликте 18-августта Түштүк Африкадан ЖЧК “А.К. 378 кг салмактагы аңчылык мылтыктары алынып келинген.
💵 Документтерди текшерүү учурунда бажы эсеп-фактурасы боюнча товардын баасы 81 720 АКШ долларын түзсө, 2024-жылдын 27-июнундагы башка эсеп-фактура боюнча бир кыйла төмөн – 59 370 АКШ долларын түзгөнү аныкталган.
⚖️ Бажы декларациясынын жыйынтыгында бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, анын суммасы 526 миң 456 сомду түзгөн.
📑 Иш автоматташтырылган маалымат тутумуна катталып, чогултулган материалдар кийинки өндүрүш үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.