Таалайбек Ибраев CASA-1000 долбоору боюнча жыйынга катышты

CASA-1000 долбоору Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоону көздөйт. Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасы модернизацияланып, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылууда.

⚡ Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев CASA-1000 долбоорунун электр энергиясын Борбор Азиядан Түштүк Азияга өткөрүү боюнча жыйынга катышты.

🌍 Жыйын Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп, ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын жана Пакистандын энергетика министрлери жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери катышты.

🔋 CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймагында 346 мамыча жана 456 км электр өткөрүү линиялары курулуп, “Датка” көмөк чордонунда кошумча ячейка курулду.

🤝 Бул эл аралык долбоор аймактык кызматташтыктын жаңы барагын ачып, коңшулук мамилелерди бекемдөөгө, калктын жыргалчылыгын жакшыртууга, энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.

📈 CASA-1000 долбоору 2027-жылга чейин толук ишке ашырылып, аймактагы өлкөлөр экологиялык жактан таза “жашыл” энергияга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

📜 Жыйындын соңунда өкмөттөр аралык кеңештин резолюциясы кабыл алынды, анын негизги максаты CASA-1000 долбоорунун коммерциялык ишке киришин тездетүү болуп саналат.

💼 CASA-1000 долбоору электр энергиясынын жаңы экспорттук рыногун ачып, жайкы мезгилде ГЭСтен ашыкча энергияны сатууга, туруктуу валюталык киреше алууга, улуттук энергетикалык системаны модернизациялоого жана инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

🏗️ Долбоор Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x