🌍 Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Филиппиндин Манила шаарына иш сапары менен барып, “Азиянын таза энергия форуму – 2025” эл аралык иш-чарасына катышты.
💡 Ибраевдин айтымында, таза энергетиканын өнүгүшү заманбап дүйнөнүн негизги маселелеринин бири болуп саналат. Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалына таянып, туруктуу жана таза энергияны өнүктүрүүгө басым жасоодо. Учурда өлкөдөгү электр энергиясынын 90% гидроэлектростанцияларда өндүрүлөт.
🌞 Министр Кыргызстанда гидроэнергетика менен катар күн жана шамал энергиясын пайдалануу багытында да активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте бир катар аймактарда пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда.
🌱 Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Глазгодо туруктуу экономикага өтүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн глобалдык климаттык өзгөрүүлөр шартында альтернативасыз жол экенин айткан. Министрдин айтымында, таза энергетиканын өнүгүшү Кыргызстан үчүн энергетикалык стратегиядан ашып, климаттык тең салмактуулукка жана келечек муундар үчүн туруктуу өнүгүүгө салым кошот.
🤝 Ибраев “Камбар-Ата-1” долбоорунун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, форумдун катышуучуларын, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн, кызматташууга чакырды.