

[adrotate_integration id=”2″]

🌄 Ала-Арча улуттук паркында туристтик инфраструктуранын кеңейиши күчөп жатат. Учурда үч кабаттуу мейманкана, бассейн, 20 A-frame формасындагы үй жана канат жолу курулууда.
🏗️ Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштерин текшерип, бардык объектилерди сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Жылдын аягына чейин бүтүшү керек.
🚠 Канат жолу ишке киргенден кийин туристтер тоонун этегинен асман чийинине чейин көтөрүлүп, Ала-Арчанын кооз пейзаждарын көрө алышат. Бул улуттук парктын дагы бир өзгөчөлүгү болот.
🌿 Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Ала-Арча паркы экологиялык жана тоо туризминин борбору катары өнүгүп жатат.






