
Госбанк өнүктүрүү Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды
Президент Садыр Жапаров кабыл алган Конституциялык мыйзамда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамда Улуттук банк мамлекеттик банктын ишин лицензиялоодон, көзөмөлдөн жана жөнгө салуудан бошотулду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.








