
Кыргызстан чет элдерде дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн имараттарды сатып алып, ижара чыгымдарын кыскартууда – Алагозов
Кыргызстан өзүнүн чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Өлкө дипломаттар үчүн имараттарды сатып алып, бюджеттик чыгымдарды кыскартууда. 2023-жылдан бери Венгрия, Франция жана Түштүк Кореядагы элчиликтер үчүн имараттар, Германия жана Россияда кызматтык батирлер алынган. Бул кадамдар мамлекеттин ижара чыгымдарын азайтып, бир нече жылдын ичинде өзүн акташы күтүлүүдө.








