
Филиппиндердеги кыргызстандыктар «Фунг-Вон» тайфунынан жабыркашкан жок
Кыргызстандын Филиппиндердеги жарандары «Фунг-Вон» тайфунынан жабыркаган жок. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта экенин билдирип, Филиппин тараптан кырсыкка кабылган жарандар тууралуу маалымат алынбаганын маалымдады. Министрлик, ошондой эле, жарандарына жергиликтүү бийликтердин сунуштарын аткарып, сак болушун сунуштады.








