Тег өспүрүм

Дайырбек Орунбеков 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу окуяны комментарийледи.

Бишкекте 13 жаштагы Тимурдун кайгылуу өлүмү коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Президенттик администрациянын өкүлү бул иштин адилеттүү иликтенерин, ал эми ИИМ министрдин көзөмөлүндө турганын билдирди.

Бишкек коркунучтары Telegram тобу боюнча ГУВДнын иши тууралуу кеңири маалымат берилди

Бишкекте милиция жана УКМК кызматкерлери Telegram'да тараган провокациялык сүрөттөгү өспүрүмдүн өздүгүн аныкташты. Ал Эне-Сайда жашаган М.Н. аттуу өспүрүм болуп чыкты. Текшерүүдө анын коркутууларга тиешеси жок экени аныкталды. Ата-энелерине карата протокол түзүлдү.

Баланын китеп окууга болгон сүйүүсүн кантип ойготуу керек? Психологдун кеңештери

АКШда 2023-жылы жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, китеп окуган 5-12 жаштагы балдардын 91%ы бактылуу, ал эми 92%ы көбүрөөк физикалык активдүү. Кыргызстанда мындай изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, бирок смартфондор балдар үчүн китептерге караганда кызыктуураак экени белгилүү.

Бишкекте 16 жаштагы Малика Баатирова жоголду

Бишкекте 8-декабрда жоголгон 15 жаштагы Малика Баатированы издеп жатышат. Ал үйдөн чыгып, ГУМ соода борборуна бет алган, бирок кайтып келген эмес. Өзгөчөлүгү: бою 165-170 см, арык денелүү, чачы кара күрөң. Жоголгон учурда ал ак куртка жана кара шым кийип жүргөн. Жайгашкан жери тууралуу маалыматты Ички иштер башкармалыгына билдирүүнү суранабыз.