
Курпсай суу сактагычынан экспортко форель: Кара-Кулда заманбап цех ишке кирди
Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Аква Сервис" компаниясынын балык өстүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча комплекси ишке киргизилди. Бул долбоор 1,5 млн доллардан ашуун суммада ишке ашырылып, 50 жаңы жумуш орундарын түзүп, ЕАЭСке экспортту кеңейтүүгө багытталган.








