“ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” форумунда билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева кыргыз тилин окутууда ЖОЖдордун маанисин белгилеп, активдүү иш-аракеттерге чакырды. Катышуучулар тилди окутуунун абалы, окуу куралдарын даярдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн окуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын талкуулашты.
Талас районунда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоого тартылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине окуу болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан 30дан ашык кызматкерлерге укук бузууларды аныктоодо иш тартиби жана аракеттери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн арыздарды каттоо механизми жана жоопкерчилик боюнча окуулар өткөрүлдү.
Ош шаарында 3-ведомстволор аралык кинологдор мелдеши ачылып, ага күч түзүмдөрүнүн 4 командасы катышууда. Сынак ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлүп, улуттук коопсуздукту камсыздоодо кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы Кинологиялык борбордун пайдубалына да капсула салынды. 1 миллион евролук долбоор 72 кызматтык ит үчүн заманбап окуу класстарын жана питомниктерди камтыйт.