Тег өкмөттөр аралык кеңеш

Ереванда III Евразиялык экономикалык форум өтөт

30-сентябрдан 1-октябрга чейин Ереван шаарында ЕАЭБдин 10 жылдыгына арналган III Евразиялык экономикалык форум өтөт. Катышуучулар стратегиялык өнүгүү, санариптештирүү, транспорттук инфраструктура жана эл аралык кызматташтыкты талкуулашат. Форумга министрлер, ишкерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин чечүү жолдорун издешет.