Япония үч адамдын өмүрүн алып, ондогон кишилерди жарадар кылган күчтүү “Шаншан” тайфунуна туш болууда. 250 миңден ашык имарат жарыксыз калды, дээрлик 800 каттам токтотулду. Метеорологдор катуу шамал болуп, кыйроолор болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Кочкор-Ата шаарында жол кырсыгынан 25 жаштагы жигит жана 22 жаштагы кыз каза болду. Кырсык 17-август эрте мененки саат 06:00 менен 07:00 арасында болуп, "Хонда Фит" унаасы дарактарга сузуп кеткен. Очевиддер унаанын жогору жылдамдыкта жургонун билдиришет.
Ат-Башин районундагы минивэн менен бирге кагышы болуп, үч адамдын өмүрү кыйылды. 22 жаштагы минивендин айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына себепкер болгон. Окуя 13 август Бишкек - Нарын - Торугарт Жолунун 378 км Орун Алган. Тергее иштеринин материальдары тиийишли кызматка откорулду.