Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган конференция өтүүдө. Иш-чаранын алкагында “Өрнөктүү Өмүр” сүрөт көргөзмөсү жана анын өмүр жолу тууралуу тасма көрсөтүлөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жумагуловдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымынын маанисин жана 90-жылдардагы кыйын жылдардагы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролун баса белгиледи.
Кёнсангбук-до провинциясынын губернатору Ли Чол Ву Кыргыз мамлекеттик университетинде лекция окуп, Кореянын өнөр жайы жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берет. Кыргызстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуулар да пландалууда.
“Ишеним” парламенттик фракциясы “Кыргызиндустрия” ААКда болуп, ишке ашырылып жаткан 20дан ашык долбоорлор менен таанышты. Депутаттар өнөр жайды өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн мамлекеттик колдоо жана инвестиция тартуу зарылдыгын талкуулашты.
Бишкекте Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров менен Ооганстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болду. Эки тараптуу кызматташуунун багыттары, анын ичинде соода, транспорт, энергетика жана кендерди биргелешип иштетүү маселелери талкууланды.
Ысык-Көл 10-сентябрь VIII Эл аралык экономикалык форуму “Ысык-Көл 2024” отот. Форум Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин бизнес окуу жайларынын ортосундагы конструктивдүү диалог үчун саз платформасы. Энергетика, айыл чарба, онор жай, билим берүү жаңы тармактарда кызматташуу боюнча маанилуу долбоорлордун ишке ашышына жол ачат. Ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы партнерлор тыюу мүмүкүнчүлүгү паяда саз.
Бишкектин "Бишкек ширетүү компаниясы" жаңы заводунун Арашан айылындагы ачты. Жаны автоматташтырылган линия 400 мин чарчы метр сэндвич-панель Ондурууга мїмкїнчулук алат. Завод 2 миллион доллар инвестиция менен курулуп, 30 жумушчу орду тузду. Бул завод олкодогу эн ири жана залгыз сэндвич панелдерди ондуруучу болуп, ички талапты толугу менен канааттандырып, экспортко чигууга дайар.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев "Ортолук Азиянын Ренессансы: Туруктуу өнүгүү жана гүлдөгөн жол" аттуу макаласында Ортолук Азиянын өнүгүү жолдорун жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты баяндап, аймактын уникалдуу идентичдүүлүгүн, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана жаштардын ролун баса белгилейт. Токаев, Ортолук Азия өлкөлөрүнүн биримдиги жана кызматташтыгы аркылуу аймактын келечегин бекемдөө зарылдыгын белгилеп, экономикалык, саясий жана маданий интеграциянын маанисин түшүндүрөт.