Тег Өрнөк айылы

Жумгалда ата-баланы издөө иштери уланууда

Жумгал районунда 16-октябрдан бери мал жайып жүрүп дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери уланууда. Операцияга куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан турган 14 адам атайын техниканын жардамы менен катышууда.

Садыр Жапаров Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын издөөнү күчөтүү тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын издөө иштерин күчөтүү демилгесин көтөрүп, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринен кошумча күчтөрдү тартууда. 49 жаштагы киши менен 9 жаштагы баласынын дайынсыз жоголушу 16-октябрда болгон. Издөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн дрондор колдонулуп, Көкөмерен дарыясынын коркунучунан улам коңшу Токтогул районунда да иштер жүрүп жатат.