“Кыргызстан дан эгиндерин жыйноо боюнча рекорд койду”
Кыргызстанда дан жана башка айыл чарба есумдуктерунун тушумун жыйноо аяктап, рекорддук тушум алынды. 643,2 миң гектар эгин чабылды, бул 2023-жылга салыштырмалуу 88,8 миң гектарга көп. Буудай, арпа жана жүгөрү дүң жыйымынын олуттуу өсүшүн көрсөтүп, тиешелүүлүгүнө жараша 722,1 миң тоннаны, 638,3 миң тоннаны жана 632,8 миң тоннаны түздү. Айрыкча Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында жогорку көрсөткүчтөр белгиленди.