Тег өстүрүүчүлөр

Кыргызстан 2030-жылга чейин жүгөрү түшүмүн 1 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо

Суу чарба министрлиги менен Жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюшту. 2026-2030-жылдары бар аянттарда интенсивдүү технологияларды колдонуу менен жүгөрү жыйноону 1 миллион тоннага, тоют өндүрүүнү 2 миллион тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда. Ошондой эле бирикме бийик тоолуу райондордо тоютту жакшыртуу учун жугеруден арзан, туруктуу есумдук катары соргонду киргизип жатат.