Тег 100

Мамлекеттен 28 балага кол протездери – Эмгек министрлигинин 100 жылдыгына белек.

Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин 100 жылдыгынын алкагында ампутация жана тубаса өзгөчөлүктөрү бар балдарга заманбап протездер тапшырылды. 28 бала активдүү жана бионикалык протездерге ээ болду.

Кыргызстандык куруучулар кесиптик майрамын 2-августта белгилешет.

Кыргыз Республикасында 2-август куруучулардын кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул күн курулуш тармагынын кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын таанып, Кыргыз Республикасындагы биринчи мамлекеттик курулуш органынын 100 жылдыгына байланыштуу белгиленет.

Адылбек Касымалиев салык кызматунун 35 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Бишкекте Өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, салык тутумунун өнүгүүсүн жана анын коомго тийгизген таасирин белгиледи. Ал салык кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, көмүскө экономика менен күрөшүү жана бизнес менен өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдарды баса белгиледи. 2024-жылы салык жана камсыздандыруу кирешелери 302,4 млрд сомго жеткенин айтып, салык системасынын бизнеске тоскоол болбостон, анын өнүгүүсүн стимулдаштыруу керектигин билдирди. Иш-чарада салык кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

«Кыргыз Агрохолдинг» менен Венгриялык «Умвелт Групп» 100 млн долларлык келишимге кол койду

Бишкекте IV Түрк бизнес-агрофорумунун алкагында Кыргыз Агрохолдинг жана Венгриянын Умвелт Групп беш жылдык инвестициялык кызматташуу боюнча 100 миллион долларлык макулдашууга кол коюшту.

Бишкекте Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин 100 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү.

Бишкекте жүз жылдыкка арналган тегерек столдо социалдык коргоо системасынын тарыхы жана келечеги талкууланды. Жаңы эмгек кодекси, социалдык контракт жана жаштар стажировкасы сыяктуу реформалар белгиленди.

АКШ качан USAIDдин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүн жояры белгилүү болду

АКШ бийлиги 30-сентябрга чейин USAIDдин чет өлкөдөгү кеңселерин жоюп, программаларын мамлекеттик департаментке өткөрүүнү пландап жатат. Бул өзгөрүү жүздөгөн кызматкерлерди, анын ичинде дипломаттарды жана подрядчиктерди камтыйт.