Садыр Жапаров боз үйлөрдү Түркиянын президентинин иш башкармалыгына тапшырды
Анкарада Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Президенттик аппаратынын жетекчисине эки өлкөнүн мааракелеринин урматына белекке берилген үч улуттук боз үйдүн сертификатын тапшырды. Бул ишарат кыргыз жана түрк элдеринин бир туугандык мамилелеринин жана маданий биримдигинин чыңдалышын билдирет. Түрк маданиятынын маанилүү элементи болгон боз үйлөр келерки жылы ачыла турган Түркиянын президенттик администрациясына караштуу жаңы сейил бакка орнотулат.