Тег 12

Кадамжай районунда жаңы бала бакча ачылды

Сырт айылында заманбап жабдуулар менен жабдылган «Чабалекей-Сырт» бала бакчасы ачылды. 130 орундуу бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, Сырт, Ынтымак жана Жаны Сырт айылдарынын балдарын кабыл алат.

Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү: искусство, кино жана Никита Михалковдун «Мастерская 12» долбоору

Кыргызстанда 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Россиянын Маданият күндөрү өтөт. Бул иш-чара концерттерди, театр спектаклдерин жана кинофестивалдарды камтып, эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.

Бишкекте мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди

Бишкекте Кыргыз улуттук филармониясында өткөн мугалимдер күнүнө арналган салтанатта жаңы билим берүү моделине өтүү баскычы белгиленди. Мугалимдер сыйлыктар менен сыйланып, баш байге — батир Элзат Асановага тапшырылды.

12 жылдык билим берүүдө кыргыз тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү

Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасы киргизилип, кыргыз тилинин окутуу мазмуну жана методдору жаңыланууда. Бул өзгөрүүлөр функционалдык сабаттуулукту жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Биз артка кайтпайбыз: Президент Садыр Жапаровдун мектептеги билим берүү көйгөйлөрү тууралуу маеги

Кыргызстан билим берүү системасын түп-тамырынан бери жаңыртууга киришти. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү мектептердин толуп кетиши, мугалимдердин жетишсиздиги жана жаңы окуу материалдарынын жетишсиздиги менен байланыштуу деген сындар айтылууда. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул көйгөйлөр мурунтан эле бар болчу. Өлкөдө 12 жылдык билим берүүнүн максаты бүтүрүүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эмгек рыногуна даярдоо. Жаңы окуу китептери, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана кесиптик багыт берүү киргизилүүдө. Мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйү да чечилүүдө, айлык акы көтөрүлүп, жаңы социалдык демилгелер ишке киргизилүүдө.

Кыргызстанда мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча стратегиялык документ даярдалууда

Билим берүү министрлиги мектептик билим берүүнү баалоо системасынын концепциясын талкуулап, 12 жылдык окутууга өтүү боюнча стратегиялык негиздерди түзүүдө. Максаттар: баалоонун объективдүүлүгүн жогорулатуу, бирдиктүү база түзүү жана заманбап инструменттерди киргизүү.

12 жылдык билим берүү — окуучуларды дүйнөлүк стандарттарга даярдоо

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышы менен билим берүү системасы 12 жылдык окууга өттү. Бул реформа эл аралык стандарттарга шайкеш келүүнү жана инновациялык билим берүү системасын түзүүнү көздөйт. Учурда 90 миңден ашуун мугалимдер кайра даярдоодон өттү, ал эми мектептер жаңы окуу китептери жана электрондук платформалар менен камсыздалды. 12 жылдык система окуучуларга кесиптик багытты эрте тандоого мүмкүнчүлүк берип, дүйнөлүк билим берүү программаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтет.