Кеминдеги 120 миллион сомдук мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунда мурда мал союу жана колбаса чыгаруучу ишканага тиешелүү болгон өндүрүш имараттары бар аймак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мүлктүн базар баасы дээрлик 120 миллион сомду түзөт. Ал 1995-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка учурларын аныктоо иштери уланууда.