Тег 180 күн

Кыргызстан менен Грециянын дипломаттарына визасыз режим киргизилди

Бүгүн, 8-августта, Кыргызстандын өкмөтү менен Греция өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорт ээлеринин визалык талаптардан бошотулушу тууралуу келишим күчүнө кирди. Келишим 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йоркте кол коюлган. Ал келишимге ылайык, дипломатиялык паспорт ээлери Кыргызстан жана Грециянын аймагына 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз кире алышат.