Кыргызстанда 5 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер декларация тапшырган эмес
Кыргызстандын Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик кызматкерлердин 66 миңден ашык декларациясын талдап, анын 6,3 миңинде дал келбестиктерди аныктады. Материалдар мындан аркы чара көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди. Декларациясын убагында тапшырбаган кызматкерлердин тизмелери да жөнөтүлдү.