Перунун экс-президенти 20 жылга эркинен ажыратылды
Перунун мурдагы президенти Алехандро Толедо коррупция жана Odebrecht компаниясынан алынган пара менен байланышкан арам акчаны адалдоо үчүн 20,5 жылга эркинен ажыратылган. Сот аны автожол куруу боюнча келишим үчүн 35 миллион доллар алган деп күнөөлүү деп тапты. Толедо АКШда кармалып, 2023-жылы Перуга экстрадицияланган.