
Шанхайда 15 кыргызстандык компания CIIE 2025 көргөзмөсүндө продукцияларын көрсөттү
Шанхайда өтүп жаткан CIIE 2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын 15 компаниясы өз продукцияларын сунуштап, өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында катышууда. Кыргызстандын улуттук стенди аркылуу мед, алкоголь жана кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүүдө.







