
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: 12 жаран, анын ичинде Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы, арыз берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуу ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууну улантууда. Бүгүнкү күнгө карата 488 жаран арыз тапшырган.



