Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөндөөнү уланууда
30-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 13,2 миллиард куб метрге жетип, былтыркыдан бир топ көп. Суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 306 кубометр, чыгымы 468 кубометрди түзүүдө. Токтогул ГЭСи Кыргызстан үчүн электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда.