
Кочкор районунда 120 миллион сомго жакын каражатка мектеп курулду.
Кочкор районунун Кара-Суу айылында 375 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу аяктады. 2022-жылы башталган бул долбоордун жалпы баасы 119,6 млн сомду түздү. Окуучулар 1-сентябрдан тартып жаңы имаратта билим ала башташат.




