4-ноябрдан 6-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылы чектелет
Түркия президентинин 2024-жылдын 4-6-ноябрындагы мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды эрежени сактоого жана жол жээгинде унааларды токтотпоого чакырат.