Тег 8-август

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда 8-августта, 13:12де магнитудасы 4 болгон жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 3 балл күчүндө сезилди. Нура айылынан 45 км түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 км түштүктө 2 балл болуп сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

8-августта Моссовете валюталардын курсу: доллар кескин кымбаттады

8-августта Моссоветтеги алмашуу бюролору валюталардын жаңы курстарын жарыялашты. Доллардын сатып алуу баасы 85,4 сомго, сатуу баасы 85,8 сомго жетти. Евро 92-92,9 сомдон сатып алынып, 93-93,9 сомдон сатылууда. Рубль болсо 0,97-0,98 сомдон сатып алынып, 0,98-0,99 сомдон сатылууда. Доллардын курсу өткөн суткада 80 тыйынга жогорулады.

8-августта Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жана Чүй облусунда жарык өчөт (көшөлөрдүн тизмеси)

Бишкек жана Чүй облустарындагы электр тармактарынын ишканалары 8-августта Бишкектин жана Чүй обосунун айрым жерлеринде электр энергиясынын өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Өчүрүүлөр пландалган техникалык тейлөө иштерине байланыштуу. Бишкектин аймагында электр энергиясы төмөнкү убакыттарда өчүрүлөт: "Рухий Мурас" ж/м, "Юг-2", "Тынчтык" ж/м жана башка аймактарда. Чүй облустундагы электр тармактарынын техникалык тейлөө тизмеси да берилген. Абоненттерден келип чыккан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суралды.