Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесин белгилеп, өлкөнүн тарыхында дипломатиянын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал кызмат ардагерлерине ыраазычылык билдирип, тышкы саясатты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.