Тег А.Акаев

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевди колдогон жок

Жогорку Кеңеште экс-президент А.Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана анын статусун калыбына келтирүү боюнча арызы каралды. Комитет өтүнүчтөн баш тартууну сунуштап, депутаттар бул чечимди колдошту.

Жогорку Кеңештин комитети Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн четке кагууну сунуштады

Жогорку Кеңеште экс-президент А.Акаевдин макамын калыбына келтирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча арызы каралды. Комитет анын президенттигинин терс кесепеттерин белгилеп, өтүнүчтү четке кагууну сунуштады.

Президент А.Акаевге байланыштуу кырдаалга токтолду

Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылганы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Президент Садыр Жапаров бул парламенттин чечими экенин белгилеп, ар бир жаран өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого укуктуу экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Акаевдин, Атамбаевдин жана Бакиевдин иши эки башка экенин белгилеп, алардын макамын калыбына келтирүү туура эмес деген оюн билдирди.