Тег А.К.

Бишкекте эркек киши сабалып каза болду

Бишкекте сабалып, оор жаракаттан улам каза болгон 52 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектүү 30 жаштагы жаран кармалды. Бул факты боюнча адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Түштүк Африкадан Кыргызстанга аңчылык мылтыктарын алып келүү аракети

“Манас” бажысынын кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери Түштүк Африкадан аңчылык мылтыктарын алып келүүдө мыйзам бузуу фактысын аныкташты. ООО "А.К." 526 миң 456 сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан. Иштин материалдары Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.