Тег абал туруктуу

Бишкекте шайлоо учурунда коомдук тартипти 3 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо тартипти камсыз кылуу үчүн 3 миңден ашык милиция кызматкерлери жана 1000 элдик күзөтчүлөр тартылды. 272 участкалык шайлоо комиссиялары уюштурулган. Добуш берүүгө шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы да катышты. Борбор калаада абал туруктуу.