
Бишкекте экологиялык транспорт үчүн кубаттоо инфраструктурасы түзүлөт
Бишкек, 23.06.25 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кореялык компаниялар экологиялык электр транспорту үчүн заряддоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Меморандумга кол коюшту. Бул кызматташтык абанын сапатын жакшыртууга жана көмүртек чыгындыларын азайтууга багытталган.








