Тег Абдыкадыров

Ош шаарында мыйзамсыз кальян тамекиси табылды

Бишкек, 04.09.25 /Кабар/. Ош шаарында рейддик салыктык көзөмөл учурунда Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кальян тамекиси табылды. Абдыкадыров көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн биринде акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок 346 даана тамеки табылып, баасы 197 миң 650 сомду түздү. Продукция алынган жана тиешелүү актылар түзүлгөн. Юридикалык баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Абдыкадыров: Ат-Башыга инвестиция салууга бизнес даяр

2019-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык соода-логистикалык комплекс куруу иштери башталган. Долбоор кытайлык инвесторлор менен биргеликте ишке ашырылмак, бирок жеке кызыкчылыктарды көздөгөн адамдардын кийлигишүүсүнөн улам токтотулган. Комплекс 12,5 миң жумуш орундарын түзүп, аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзмөк.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын апрель айындагы репертуары

Кыргыз улуттук филармониясы апрель айына концерттик программасын сунуштады. Иш-чаралардын катарында Султан Садыралиевдин 20 жылдык юбилейлик концерти, Ханс Циммердин чыгармалары, жана "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли бар.

Ош мамлекеттик университетинде Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды

Ош мамлекеттик университетинде КРнын эмгек сиңирген артисти, композитор Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды, анда заманбап жабдыктар менен үч тилде аудиогид көрсөтүлдү. Көргөзмөгө агайдын жеке буюмдары, сыйлыктары жана музыкалык аспаптары коюлган.