Тег ачты

Бишкекте “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды

Бишкекте арзан жана коопсуз аба каттамдарын камсыздоо максатында түзүлгөн “Асман” авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды. Авиакомпания Dash 8 Q400 учактарын колдонуу менен тейлөөнүн сапатына жана заманбап коопсуздук стандарттарына көңүл буруп, Кыргызстан боюнча каттамдар тармагын өнүктүрүүдө. Жаңы кеңсе кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртат.