Бишкекте сабалып, оор жаракаттан улам каза болгон 52 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектүү 30 жаштагы жаран кармалды. Бул факты боюнча адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Кадыровдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн Досонов Бишкектен кармалды. Ал 2023-жылы кышында Ош шаарында болгон кылмыштуу топтун акыркы мүчөсү болуп калган. Киши өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу кылмыштуу уруштун натыйжасы болгон.
Арсений Сологубов милиция менен жолугушуудан кийин табышмактуу түрдө каза болгон агасынын өлүмүн иликтөөнү талап кылууда. Ал милиция кызматкерлери агасын муунтуп жаткан видеону таап алган. Сологубов кылмыш ишин козгоо үчүн УКМКга кайрылууну пландоодо.