Тег адаптацияны пландаштыруу

Бишкектеги конференция: адаптацияны пландаштыруу жана климатты каржылоо

Бишкекте Борбор Азиядагы адаптацияны пландаштыруу жана климатты каржылоого арналган аймактык конференция өттү. Катышуучулар аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелерин, улуттук адаптациялоо пландарын иштеп чыгууну жана климаттык чакырыктарга эффективдүү жооп берүү үчүн финансылык ресурстардын зарылдыгын талкуулашты. Конференция БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында сүйлөшүүлөрдүн алдында бирдиктүү позицияны калыптандыруу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.