Бишкекте "Орто-Сай" базарында жашы жете элек 5 бала ата-энесине жардам берип жаткан жеринен балдар эмгегин аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Балдарга билим берүүнүн маанилүүлүгү ата-энелерге түшүндүрүлдү. Эмгекти эксплуатациялоо фактылары аныкталганда, чара көрүү үчүн, анын ичинде ата-энелик укуктан ажыратуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көзөмөлдөөчү органдарга жөнөтүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттары иш берүүчүлөр тарабынан милдеттүү камсыздандырууну сактабаганы үчүн административдик жоопкерчиликти караган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Мыйзам долбоору камсыздандыруу стандарттарын жакшыртууга багытталган жана жеке жана юридикалык жактарга айыптарды камтыйт. Талкууда Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кооптуу өндүрүш объектилери менен иштеген уюмдардын тизмесин тактоо зарылдыгы айтылды.
Бишкек 40тан ашык мыйзамсыз мигранттар, анын ичинде 35 Бангладеш жараны жана 7 Пакистан жараны, кармалды. Алардын виза мёнёту откон жана мыйзамсыз жумуш менен алектенип жаткан. Мигранттар административдик жопкерчиликке тартылып, олкодон чыгалат.